Тиркемелерди программалоо интерфейси

Wikibooks дан

API (тиркеменин программалык интерфейс, тиркелүүчү программалоонун интерфейси) (англ. application programming interface, API [эй-пи-ай][1]) — бир компьютердик программа экинчи программа менен өз ара аракеттешүү жолдорунун (класстардын, процедуралардын, функциялардын, түзүмдөрдүн же константалардын жыйындысы) сүрөттөлүп, баяндалып берилиши. Кадимки учурда кандайдыр бир интернет-протоколдун (мисалы, RFC[2]), программанын каркасынын (фреймуорктун)[3] жана операциялык системанын[4] функцияларды чакыруу стандартынын баяндамасына кирет. Көпчүлүк учурда операциалык системанын тейлөөсү же өзүнчө программалык библиотека менен ишке ашырылат. Ар түркүн тиркемелерди жазууда программисттер тарабынан колдонулат.