Жолойдун бешиги

Wikibooks дан

Жолойдун бешиги

Орозобек Түгөлбаев, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даяррдоо институтунун окутуучусу

Ушундай аттуу макала бар-жогун карасам, интернеттен мындай чыгарма көрүнгөн жок. Жолойдун бешиги деген жер тууралуу көп адамдардын кулагы чалган болушу керек, бирок көбү бул тууралуу тактап айтып

бере алышпайт. Ошондуктан бул тууралуу билгенимди башкалар менен бөлүшүп коюуну чечтим.

Чүй тараптан жөнөп, Чүй сууснун көпүрөсүнөн өтө бергенде, Боом капчыгайына кире бериште "Жолойдун бешиги" деп аталган колотчо бар. Жаңы жол ошол колоттун таманы менен өтөт, эски жол колоттун кыры

аркылуу өтчү. Бала кезде улуулардан укканымды баяндап берейин.

Байыркы заманда Жолойдун энеси ошол жерден өтүп баратып, толгоо тартып калат экен. Толготуп атып боюнан бошонот. Баланын башын өйдө баштантып, чыгышты каратып жерге жаткыра коюптур.

Алптардын заманында, энеси дагы, баласы дагы алптар экен. Жер басырылып оюлуп, баланын денесинин ошол жерде изи калыптыр. Чалкасынан жаткан баланын башынын, денесинин, эки бутунун изи ошол колотту

пайда кылыптыр. Ошондон бери ал жер Жолойдун бешиги деп аталып калган экен.

Бул Жолой Манастагы Көкөтөйдүн ашында хан Кошой менен күрөшкөн чоң Жолой эмес. Чоң Жолой балбан, алп болгон менен кадимки эле киши. Ооба, ал ашкере балбан, күчтүү болгон. Чоң Жолой

эпосто "Алты батман буудай жеп, Дан жыттанган чоң Жолой. Алтымыш алпты бир жайлап, Кан жыттаган чоң Жолой" деп сыпатталат. Чоң Жолой канчалык күчтүү болбосун, хан Кошой мурда аны үч жолу

жеңип алган экен. Манаста бул тууралуу кеңири айтылган: Хан Кошойдун "Оболдон бери Жолоюм, Оё жүрдүм көзүңдү. Ойроңдоп жүрдүм өзүңдү, — Ойлонуп айткын сөзүңдү!" деген сөзү бар.

Бирок бул Жолойдун Жолойдун бешигинин ээси эмес экендигин ушинтип баса көрсөтүп коёлу.